Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамшиев: мигранттардын 200 миңдей баласы соцкызматтарды колдоно албай жатат

© Sputnik / Асель СыдыковаСерепчи Улан Шамшиев
Серепчи Улан Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Серепчи Улан Шамшиев азыркы учурда Кыргызстандын аймагында төрөлгөндүгү тууралуу эч кандай маалыматы жок балдар мектепке кире албай, медициналык жардам ала албай кыйналып жатышканын айтты.
Шамшиев: мигранттардын 200 миңдей баласы соцкызматтарды колдоно албай жатат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ата-энеси миграцияда жүргөн балдар боюнча изилдөө жүргүзүлгөн болчу. Анын жыйынтыгында 200 миңге жакын баланын ата-энеси мигрант экени аныкталган. Бул тууралуу Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата-энеси мигрант болуп жүргөн балдарды убактылуу камкордукка алуунун механизми жакшы иштебей жатат.

"Азыркы учурда ички жана өзгөчө сырткы миграция күч алган убак. Миллиондогон ишке жарамдуу кыргыз жарандары чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Бул балдарга өтө терс таасирин тийгизип, алар толук эмес үй-бүлөдө өсүп жатышат. Жетиштүү тарбия албай, социалдык кызматтарды колдоно албай калышууда. Балдарды мектепке орноштуруу, медициналык жардам көрсөтүүдөгү кыйынчылык документтеринин толук эместигинен чыгып жатат. Балдар кодексинде ата-энеси балага камкордук кыла албай калган учурда аны сөзсүз түрдө камкордук кыла турган же көзөмөлгө алган бирөөнү дайындоо жөнүндө айтылган. Бирок ар кандай кагаз иштеринен качкан мигранттар балдарын тааныш, тууган-туушкандарга таштап кетүүдө. Соттун чечими жок эле райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн мигранттардын балдарын маалымат базасына киргизип, алардын жашоо-шартын, абалын текшерип туруу мүмкүнчүлүгүн түзүү каралып жатат. Бул боюнча мамлекеттик миграция, ИИМ жана серепчилер тарабынан сунуштар берилген", — деди Шамшиев.

Серепчи чет мамлекеттеги кароосуз калган балдарды өлкөгө кайтарууда да бир топ көйгөйлөр бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0