Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шаршенбаев: биз курган үйлөр экологиялык жактан таза, жылуу болот

© Sputnik / Эркин СадыковСаман үй куруучусу Айбек Шаршенбаев. Архив
Саман үй куруучусу Айбек Шаршенбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саман үй куруучусу Айбек Шаршенбаев аталган турак жайды салуу ыкмасы менен бөлүштү. Анын айтымында, мындай үйлөр кышында жылуу, жайында салкын болот.
Шаршенбаев: биз курган үйлөр экологиялык жактан таза, жылуу болот

Дубалы дээрлик самандан салынган үйлөр Европада көптөгөн жылдан бери эле пайдаланылат. Кыргызстанда биринчи жолу мындай үйдү курганымда чычканга там салып берип жатасыңбы дегендер болгон. Бул тууралуу Айбек Шаршенбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган ыкма менен салынган үйлөр жылуу, кургак келип, башкысы экологиялык жактан таза турак жай болуп эсептелет.

"Алгач саман үйдү иниме куруп бердим. Аны чычкандын үйүнө салыштырып шылдыңдагандар да болгон. Куруп жаткан тамыбыз үч айда бүтүп, иним үй-бүлөсү менен кирип жашап калганын көргөндө баары таң калган. Көп өтпөй эле кышында үйдүн жылуу жана кургак болорун айтышты. Ошентип 2015-жылы өзүмө да ушундай үй куруп алдым. Алгач эле байкаганыбыз, терезедеги гүлдөрүбүз жакшы өсө баштады. Дубалдар дем алып тургандыктан күн чыкса эле үй жылып калат. Ысык аба ырайында, тескерисинче, салкын болот. Нымдуулук дээрлик жок, үй дайыма кургак. Башкысы, арзан жана кыска убакытта бүтөт. Эгер каалоочулар өзүм курам десе, биз үйрөткөнгө каршы эмеспиз. Анткени башкы максатыбыз — акча табуу эмес, өлкөдө ушундай үйлөрдү жайылтуу", — деди Шаршенов.

Куруучу аталган турак жай сейсмологиялык жактан да туруктуу келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0