Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатыбалдиев: соттордун аброюн жогорулатуунун жаңы ыкмасы колдонулат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Болотбек Сатыбалдиев
Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Болотбек Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Болотбек Сатыбалдиев соттор жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барып, элге укуктук маселелерин чечип берүүгө биргеликте көмөк көрсөтөрүн айтты.
Сатыбалдиев: соттордун аброюн жогорулатуунун жаңы ыкмасы колдонулат

Соттор жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жарандарды түйшөлткөн укуктук маселелер боюнча юридикалык кеңеш берип турушат. Бул тууралуу Болотбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, элдин сотторго жана жергиликтүү бийлик органдарына болгон ишенимин арттыруу максатында дал ушундай демилге көтөрүлүп жатат.

"Эми соттор жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элге укуктук жактан чогуу көмөк көрсөтүп, юридикалык кеңеш берет. Бул саамалык коомчулуктун укуктук сабатын жогорулатуу менен сотторго жана жергиликтүү башкаруу органдарына болгон элдин ишенимин арттыруу максатында демилгеленип жатат. Бизге бардык каалоочулар кайрылса болот. Ошондой эле биз тараптан лекциялар уюштурулуп, маселени жеринен чечүү багытында коомчулук менен да жолугушууларды өткөрүп турабыз. Бүгүнкү күндө калктын басымдуу бөлүгү сотко кайрылуу тартибин билбейт. Көпчүлүк иштин мөөнөтүн өткөрүп жиберип, анан даттанат. Бул туура эмес. Ар нерсе өз убагында жана мыйзам чегинде ишке ашуусу керек. Мисалы, Жарандык кодекске ылайык, бардык иштер үч айда даярдалып соттун карамагына дагы эки айга жөнөтүлөт. Ал эми административдик-процессуалдык кодекс боюнча иш эки ай даярдалат жана дагы эки ай каралат. Мына ушул багыттар боюнча элдин юридикалык сабатын көтөрүү зарыл", — деди Сатыбалдиев.

Ошондой эле ал бул жараян өлкөнүн бардык аймактарында демилгеленип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0