Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асаналиева: "Каныкейдин алтын билеригин" бир айда сахналаштырдык

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты жана манас таануу кафедрасынын доценти, драматург, "Жалын" элдик театрынын көркөм жетекчиси Кыял Асаналиева
Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты жана манас таануу кафедрасынын доценти, драматург, Жалын элдик театрынын көркөм жетекчиси Кыял Асаналиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты жана манас таануу кафедрасынын доценти, драматург, "Жалын" элдик театрынын көркөм жетекчиси Кыял Асаналиева жазуучу Аман Саспаевдин "Каныкейдин алтын билериги" чыгармасын сахналаштырганын айтты.
Асаналиева: "Каныкейдин алтын билеригин" бир айда сахналаштырдык

"Каныкейдин алтын билериги" аңгемеси "Манас" эпосун башка өңүттөн кароого жол ачкан курч чыгарма. Мындай пикирин Кыял Асаналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, спектакль алгач автордун көзү тирүүсүндө анын 80 жылдык мааракесине карата коюлуп, жазуучунун өзүнө көрсөтүлгөн.

"Аман Саспаев дегенде эле эл "Сарала ит", "Татым туз" деген аңгемелерин эстейт. Ал эми "Каныкейдин алтын билериги" элге анча жайыла бербеген, "Манас" эпосун башка өңүттөн ачып берген өзгөчө чыгарма. Мен бул аңгемени сахналаштырууну көп жыл пландаштырып жүрүп ишке ашырдым. Биринчи ирет автордун 80 жылдык юбилейинде өткөрүлгөн илимий конференцияда "Жалын" элдик театрынын артисттери Каракол шаарында коюп беришкен. Аман агай көзүнө жаш алып, ыраазы боло батасын берди эле. Мына эми он жылдан кийин Аман Саспаевдин республикалык деңгээлде өткөрүлүп жаткан 90 жылдыгынын урматына борбор шаарга келип, театр сүйүүчүлөрүнө тартуулап отурабыз", — деди Асаналиева.

Драматург Аман Саспаевдин бардык чыгармалары жөнөкөй, бирок терең маанини камтып, көп кырдуулугу менен айырмаланып турарын, анын ар бир аңгемесин сахналаштырса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0