Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исмаилова: көп ичилген антибиотик организмге таасир бербей калат

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова антибиотиктерди туура пайдалануу жумалыгы 18-23-ноябрда өтө турганын айтты.
Исмаилова: көп ичилген антибиотик организмге таасир бербей калат

Антибиотиктер пайда болгондон бери бир топ инфекциялык ооруларды айыктырууга мүмкүнчүлүк жаралды. Бирок дарыларды ыксыз колдонуу бул препараттарга айрым микроорганизмдерди пайда кылды. Бул тууралуу Бактыгүл Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, антибиотиктерди туура колдонуу жоопкерчилиги дарыгер менен бейтаптын мойнунда.

"Кыргызстанда "Антибиотиктерди туура колдонуу өмүрдү сактайт" аталышындагы дарыларды туура колдонууну түшүндүрүү боюнча жумалык өтүүдө. Максат — антибиотиктерди аяр колдонууга чакыруу жана ал дарыларды колдонбоо үчүн ден соолукка кам көрүү тууралуу иш-чараларды жүргүзүү. Саламаттык сактоо уюмдары дагы инфекциялык көзөмөлдү күчөтүүсү зарыл. Жөнөкөй эле гигиенаны сактап ич өткөк жана башка жугуштуу оорулардын алдын алышыбыз керек. Буга чейин инфекциялык ооруну айыктыруучу каражаттар чыга электе илдет күчөп өлүмгө чейин алып барган, муну чечүү жолу пайда болгондон кийин эми антибиотиктерди канткенде рационалдуу колдонобуз деген маселе чыкты. Антибиотиктерди өз алдынча ичүүдөн мурда кылдат ойлонуу зарыл. Себеби туура эмес колдонулган дары-дармек, тескерисинче, ден соолукка зыянын тийгизет. Эгерде организм антибиотикке көнүп калса, бул башка оорулардын күчөшүнө алып келүүсү мүмкүн", — деди Исмаилова.

Ал дарыгер жазып берген антибиотиктерди колдонуп, анан ушул дарыдан жакшы болуп кеттим деп башка ооруп калган адамга сунуштоо туура эмес экенин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0