13:12 10 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2820
  • RUB1.0961
СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин бир тууган иниси Кудайберген Базарбаев
© Sputnik / Асель Сыдыкова

Чолпонбек Базарбаев балет бийчиси болуу үчүн боюн 17 см. өстүргөн

Радио
Кыскача шилтеме алуу
110 0 0

СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин бир тууган иниси Кудайберген Базарбаев акыркы учурда коомубузда балетке болгон мамиле өзгөрүп, баласын балетке бергиси келген ата-энелер көбөйгөнүн айтты.

Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына карата Билим берүү министрлиги менен биргеликте 2600 мектепте балет жөнүндө сабак өтүлдү. Себеби балдар балет өнөрү тууралуу 1-классынан баштап билиши керек. Бул тууралуу Кудайберген Базарбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда балет студиялары ачылып, ага ата-энелер ай сайын 3000-4000 сом төлөп балдарын окутуп жатышат. Хореографиялык окуу жайында бир орунга 12 бала туура келүүдө.

"1957-жылы Ат-Башыга балдарды балетке алганга комиссия келген. Алар Чолпонбек Базарбаевди тандашып, Ленинградга жиберишмек болгондо ата-энебиз каршы чыккан. Кийинки жылы комиссия кайра келип ата-энем агамды Бишкекке жөнөтүүгө макул болгон. Кийин ал интернатка келип окуй баштаганда "боюңду өстүр" деген талап коюшуптур. Ошондо ал турникке тартынып, бутуна гира байлап жатып бир жайдын ичинде 17 сантиметрге өсүптүр. Ошентип агам балет артисти болуп, окуусун Москвада уланткан", — деди Базарбаев.

Ал ошондой эле атасы эрте өтүп кетип, агасы ата ордуна ата болуп бир туугандарын бакканын белгиледи.

"Негизи биз учурунда Чолпонбек Базарбаевдин адамдык сапатын баалап, аны бир тууган, ага, ата катары көрүп, бийчилик өнөрүнө анча маани бербегенибизди эми гана түшүндүм. Жакында эле Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой келгенде дагы президентибизге Чолпонбек Базарбаевди XX кылымдын балет генийи деп атап, баасын берди. Бизде балет бийчилери абдан көп, бул тармакты балдардын көбүрөөк билүүсүнө, түшүнүүсүнө шарт түзүп берүү зарыл", — деди Базарбаев.

Ал Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш маданият жылынын алкагында Чолпонбек Базарбаев атындагы фонд бир катар иш-чараларды өткөрө турганын кошумчалады.

Тема боюнча

Туляева: "Балет, балет…" фестивалы быйыл алтынчы ирет өтүп жатат
Белгилер:
маданият, театр, балет, Чолпонбек Базарбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ