Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабаева: Кыргызстанда 180 миңден ашуун адам кант диабетинен жабыркайт

© Sputnik / Досхан НусупбековаПредседатель общественного совета при Минздравоохранении КР Нурхан Жумабаева
Председатель общественного совета при Минздравоохранении КР Нурхан Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Диабетсиз балалык" уюмунун жетекчиси Нурхан Жумабаева бүгүнкү күндө республика боюнча кант диабетине чалдыгып, расмий каттоого алынган 60 миң оорулуу бар экенин айтты.
Жумабаева: Кыргызстанда 180 миңден ашуун адам кант диабетинен жабыркайт

Эл аралык диабет федерациясынын изилдөөлөрүнө ылайык, Кыргызстанда кант диабетинен жабыркаган адамдардын саны статистикалык маалыматта көрсөтүлгөн 60 миң оорулуудан үч эсе көп. Бул тууралуу Нурхан Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган илдет менен жабыркаган чоң кишилердин басымдуу бөлүгү кант диабетинин 2-тиби менен оорушат. Ал туура эмес тамактануу, аз кыймылдоо жана стресстин айынан пайда болот.

"Кыргызстанда кант диабети менен ооруган адамдардын саны расмий маалыматтар боюнча 60 миңден ашат. Алардын ичинен төрт миңи — балдар. Бирок Эл аралык диабет федерациясынын изилдөөсүнө ылайык, бейтаптардын саны маалыматта көрсөтүлгөн оорулуулардан үч эсе көп болушу мүмкүн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, өлкөдө болжол менен 180 миңден ашуун киши 2-типтеги кант диабетинен жабыркашат. Ошондой эле оорулуулардын курагы да жашарып баратканы белгилүү болду. Мурун 2-типтеги диабет менен 40 жаштан жогору курактагылар ооруса, азыркы тапта 30 жаштагылар да аталган илдетке чалдыга башташкан. Буга учурдагы жаштардын туура эмес жашоо образы себеп. Алардын басымдуу бөлүгү туура эмес тамактанып, аз кыймылдап жана байма-бай стресске кабылып жатышат. Бул оорунун пайда болуусуна түздөн-түз жол ачат. Оорунун алдын алуу үчүн коомчулук да, мамлекет да тийиштүү чараларды көрүп, ар бир адам сергек жашоого умтулуп, тамактануусуна көңүл буруу менен стресстен алыс болууга аракет кылуусу зарыл", — деди Жумабаева.

Ошондой эле ал 1-типтеги кант диабети тукум кууп, ага адам төрөлө элек кезинде эле чалдыгарын жана ал өмүр бою инсулинге муктаж болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0