Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абылаев: Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн онлайн көрүүгө болот

© Sputnik / Эркин СадыковЭксперт управления генерации и передачи энергии Нацэнергохолдинга Аскат Абылаев
Эксперт управления генерации и передачи энергии Нацэнергохолдинга Аскат Абылаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү бөлүмүнүн эксперти Аскат Абылаев 2015-жылы Токтогул суу сактагычына онлайн режимде иштей турган атайын көзөмөл камерасы орнотулганын айтты.
Абылаев: Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн онлайн көрүүгө болот

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө кызыккандар болсо, аны "Электр станциялары" ААКсынын сайтына кирип, онлайн режимде көрсө болот. Бул тууралуу Аскат Абылаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайып, быйылкы күз-кыш мезгилине карата 17 миллиард куб метр суу топтолгон. Бул өткөн жылдагыга салыштырмалуу 2 миллиард кубга аз.

"Коомчулукта Токтогул суу сактагычындагы сууну сатып жатышат, ошол себептен быйыл суу аз деген терс маанайдагы ойлор айтылып жатыптыр. Бул чындыкка дал келбейт. Анткени суунун көлөмү табигый кубулуштардан улам ар 4-5 жылда азайып турат. Былтыркы жылы жаан-чачын аз болуп, быйыл суунун көлөмү да азайып кетти. Муну ӨКМден да тастыктап беришет. Ал эми ишенбегендер болсо, "Электр станциялары" ААКсынын сайтына кирип, түз эфирден онлайн режимде суунун деңгээлин көрсө болот. Ал жакта күнүнө канча куб метр суу топтолуп, канчасы колдонулуп жатканына чейин көрсөтүлүп турат", — деди Абылаев.

Ошондой эле ал быйыл күз-кыш мезгилине карата суунун көлөмү жетиштүү экенин айтып, электр энергиясын үнөмдөө багытында жарык өчүрүлбөй турганын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0