Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чокморова: жаштар туш келди жыныстык катнашка барып СПИДге чалдыгууда

© Sputnik / Асель СыдыковаДиректор республиканского центра "СПИД" Умут Чокморова
Директор республиканского центра СПИД Умут Чокморова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык СПИД борборунун директору Үмүт Чокморова 1-ноябрдан 1-декабрга чейин ВИЧ/СПИД илдетине каршы бир айлык өтүп, анда калк арасында түшүндүрүү иштери жүрө турганын айтты.
Чокморова: жаштар туш келди жыныстык катнашка барып СПИДге чалдыгууда

ВИЧ/СПИД дарты жаштар арасында жайылууда. Себеби алар ооруну жугузуп аларын билип туруп туш келди жыныстык катнашка барып жатышат. Бул тууралуу Үмүт Чокморова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган илдет менен ооругандар 25 жаштан 49 жаштагылар арасында көп.

"2019-жылдын январь айынан баштап ушул убакытка чейин ооруга чалдыккан 9516 адам катталды. Алардын 64 пайызын эркектер, калганын аялдар түзөт. Анын ичинен кыргызстандыктар 8994 болсо, эпидемия башталгандан бери 2013 киши каза болду. Учурда аталган оору ийне аркылуу жуккандардын саны 40 пайызды түзөт, жыныстык жол менен жукканы 46 жана энеден балага өткөнү 2,8 пайызды түзүүдө. Дартты аныктоо абдан жакшырды. Шилекей, кан аркылуу кыска мөөнөттө эле диагноз коюп жатабыз. Биздин өлкөдө ВИЧ-инфекцияны алып жүргөн 500дөй чет өлкөлүк жаран бар. Негизи сырттан келген атуулдар бир жылда бир текшерүүдөн өтүп турат. Бул оорудан толук айыгууга мүмкүн эмес. Адамдар СПИД менен ооруп калганын билгенден кийин көбү шок болуп, чүнчүп кетет. Бейтап дайыма антиретровирустук дарыларды ичип турса эле кадимкидей өмүр сүрүп, адамдарга оору жугузбайт. Бизде препараттар жетиштүү. Жарандарга дарылар бекер берилет", — деди Чокморова.

Ал Глобалдык фонд финансылык жардам көрсөтүп жатканын, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2016-жылдан бери жыл сайын 20 миллион сом берилерин, ал эми быйыл өкмөт 60 миллион сом бөлгөнүн кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0