Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султанов: чиптүү паспорт шашылыш болсо 3 саатта даяр болот

© Sputnik / Асель СыдыковаНачальник управления проектной деятельности ГП "Инфоком" при ГРС Чынгыз Султанов
Начальник управления проектной деятельности ГП Инфоком при ГРС Чынгыз Султанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын долбоорлор башкармалыгынын жетекчиси Чыңгыз Султанов чиптеги маалыматтарды эки ыкмада окуса боло турганын айтты.
Султанов: чиптүү паспорт шашылыш болсо 3 саатта даяр болот

Үй-бүлөлүк абалы өзгөргөндө Калкты тейлөө борборуна же паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмүнө кайрылып чиптеги маалыматты жаңыртуу зарыл. Бул тууралуу Чыңгыз Султанов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чукул тартипте идентификациялык картаны даярдоо мөөнөтү шашылыш, өзгөчө шашылыш, абдан шашылыш болуп бөлүнөт.

"Чипте кандай маалымат жазылганын атайын түзүлүштөрдүн жардамы менен окууга мүмкүн. Алсак, контакт ридер — окугуч аппарат менен же контактысыз ридер, мисалы, NFC функциясы аркылуу смартфондун жардамы менен чиптеги маалыматты окуй алат. Контакт ридерди 1000 сомго чейин алса болот. Аны ар бир адам алууга милдеттүү эмес. Мисалы, бир кард-ридерди бир нече адам колдоно бере алат. eID-картанын жарактуу мөөнөтү он жыл. Жашаган жери алмашканда ал борбордук маалыматтар базасында автоматтык түрдө жаңыртылат. Чиптүү паспорт учурда 290 сомго 14 күндүн ичинде даяр болот. Ошондой эле шашылыш учурларда сегиз, төрт же эки күндө даярдап беришет. Бишкек боюнча гана үч сааттын ичинде 6000 сомго жасатып алса болот", — деди Султанов.

Ал чиптүү паспорту барлар электрондук порталда жайгашкан 30дай электрондук сервисти колдоно алышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0