Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытов: дары-дармек өндүргөн бирдиктүү борбор ачышыбыз керек

© Sputnik / Асель СыдыковаПредседатель подкомитета ТПП по развитию биотехнологий Улукман Мамытов
Председатель подкомитета ТПП по развитию биотехнологий Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Соода-өнөр жай палатасынын биотехнологияны өнүктүрүү комитетинин төрагасы Улукман Мамытов Кыргызстанда дары-дармектин үч пайызы гана өндүрүлөрүн айтты.
Мамытов: дары-дармек өндүргөн бирдиктүү борбор ачышыбыз керек

Бул тармакты өнүктүрбөсөк Кыргызстанда беш жылдан кийин жергиликтүү фармацевтикалык өндүрүү таптакыр жоголуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бизде 200дөн ашык фармацевтикалык ишкана болсо, анын 14ү гана чай сыяктуу жөнөкөй дары-дармектерди өндүрөт.

"Учурда биздин биотехнологиялык деңгээлибиз төмөн. Жарым жыл мурда ишканаларга жардам берүү максатында Соода-өнөр жай палатасында биотехнологияларды өнүктүрүү комитетин түзгөнбүз. Башка мамлекеттерди карасак, бул багытка көбүнчө өкмөт жардам көрсөтүп, колдоого алган экен. Алсак, мамлекет, илим-изилдөө институту жана ишканалар бирдиктүү иш алып барышат. Биздеги 14 фармацевтикалык ишкана кичинекей өлкөбүзгө керекпи? Андан көрө дары-дармек өндүргөн кымбат жабдыктары, мыкты адистери бар, жанагы үч тармакты бир камтып иштеген бирдиктүү борбор болсо, жогорку сапаттагы препараттарды чыгарсак болмок. Ал эми фармацевтикалык ишканалар дары өндүрүүнү эмес, сырье, жергиликтүү препараттарды сатуу, маркетинг багытында иш алып барса жакшы болот эле", — деди Мамытов.

Ал жаңы ачылыштарды коммерцияга айландыруу керектигин, антпесе илим өспөй турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0