КРдин Соода-өнөр жай палатасынын биотехнологияны өнүктүрүү комитетинин төрагасы Улукман Мамытов Кыргызстанда дары-дармектин үч пайызы гана өндүрүлөрүн айтты.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов калаадагы коомдук жайларда өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди түшүндүрүү иштери байма-бай өтүп турганына карабастан өрт кырсыктарынын саны кыскарбай жатканын айтты.
Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу аталган институттун башкы максаты коом жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана пробация кардарларына туура багыт берип, көмөктөшүү жолу менен кайра коомчулукка кошуу экенин айтты.
Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору Жамиля Туляева 14-17-ноябрь күндөрү "Балет, балет…" аталышындагы балет искусствосунун эл аралык фестивалы өтө тургандыгын айтты.