Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурматов: сатылып жаткан лампочкалардын 80%ы талапка жооп бербейт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги текшерип көрүү, метрология жана сертификациялоо борборунун жетекчисинин орун басары Болот Нурматов
Бишкектеги текшерип көрүү, метрология жана сертификациялоо борборунун жетекчисинин орун басары Болот Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги текшерип көрүү, метрология жана сертификациялоо борборунун жетекчисинин орун басары Болот Нурматов өлкөдө алгачкы фотометрикалык лаборатория ачылганын айтты.
Нурматов: сатылып жаткан лампочкалардын 80%ы талапка жооп бербейт

Кыргызстанда сатылып жаткан лампочкалардын 80 пайызы талапка жооп бербейт. Бул тууралуу Болот Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын август айында Ысык-Көлдө өткөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусундагы жыйында энергоэффективдүүлүк боюнча жаңы техникалык регламент кабыл алынган. Ал эки жылдан кийин күчүнө кирет. Ошол учурга биздин өлкө даяр болушу керек.

"Кыргызстанда лампочкалардын сапатын жана алардын энергия үнөмдүүлүгүн текшере турган алгачкы фотометрикалык лаборатория курулду. Буга чейин лампочкаларды жана жарык бере турган каражаттарды биздин ишкерлер Белоруссияга чейин барып текшертип келишкен. Эми бул кызмат бизде жаңы ачылган лабораторияда көрсөтүлүп, товардын сапатын тастыктоочу документтер аталган жайдан берилет. Белгилей кетсек, лабораториянын курулуш иштерине БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында чоң жардам көрсөтүлдү. Азыркы тапта аталган жайга тийиштүү адистерди жана лаборанттарды окутуу жана изилдөөдө керектеле турган жаңы шаймандар менен техниканы өздөштүрүү маселеси калды. Фотометрикалык лабораториядагы алгачкы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен өлкөдө сатыкка чыккан лампочкалардын 80 пайызы талапка жооп бербей тургандыгы аныкталды. Мисалы, лампочка 50 ватт болсо ал иш жүзүндө андай жарыкты бере албайт. Мындай көрүнүш бир четинен талапка жооп бербесе, экинчи жагынан кардарларды алдоого барабар", — деди Нурматов.

Ошондой эле ал келечекте эми электр кубаты менен иштеген жабдыктарды текшере турган лаборатория куруу пландары бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0