Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алимбеков: электр кубаты лимиттен ашыкча колдонулду

© SputnikЭксперт департамента управления распределением теплоснабжения Жаныбек Алимбеков
Эксперт департамента управления распределением теплоснабжения Жаныбек Алимбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясын бөлүштүрүү жана жылуулук менен камсыздоо башкармалыгынын эксперти Жаныбек Алимбеков 2019-жылдын апрель айынан сентябрына чейин өлкө боюнча электр кубатын колдонууга жалпы 4 миллиард 911 миллион киловатт-саат лимит катары бөлүнгөнүн айтты.
Алимбеков: электр кубаты лимиттен ашыкча колдонулду

Иш жүзүндө үстүбүздөгү жылы 4 миллиард 933 миллион киловатт-саат колдонулуп, белгиленген ченемден 22 миллион киловатт-саат ашыкча пайдаланылды. Бул тууралуу Жаныбек Алимбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пайыздык өлчөм менен быйыл электр кубатын колдонууга берилген жалпы лимиттен 0,5 пайызга ашыкча керектөө болгон.

"2019-жылы "Түндүк электр" ААКсына электр кубатын колдонууга берилген лимиттин көлөмү 1 миллиард 934 миллион киловатт-саатты түзсө, иш жүзүндө ал 2 миллиард 97 миллион киловатт-саатты керектөөчүлөргө бөлүштүргөн. "Ош электр" ишканасына 932 миллион киловатт-саат лимит катары коюлса, аталган мекеме бир миллион киловатт-саатты ашыкча колдонгон. "Жалалабад электр" ачык акционердик коомуна 570 миллион киловатт-саат лимит бекитилсе, иш жүзүндө 10 миллион киловатт-саатка көп керектеди. Ал эми "Чыгыш электр" ачык акционердик коомуна 581 миллион киловатт-саат лимит каралса, ал 571 миллион киловатт-саат колдонгон. Бул көрсөткүчтөр электр энергиясын пайдаланган керектөөчүлөрдүн саны жылдан-жылга көбөйүп жатканынан кабар берет. Ошондой эле жыл сайын электр энергиясынын кубаты менен иштеген күнүмдүк тиричилик буюмдары да арбып, аны иштеткендердин саны күндөн-күнгө өсүп жатат", — деди Алимбеков.

Ошондой эле ал электр энергиясын болушунча азыраак пайдаланып, электр кубатын үнөмдүү колдонууга аракет кылуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0