Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадыров: республикада "Жашыл экономика" жумалыгы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник управления стратегического планирования и развития регионов Айбек Кадыров
Начальник управления стратегического планирования и развития регионов Айбек Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлигинин аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айбек Кадыров 2015-жылдан бери жыл сайын "Жашыл экономика" форуму уюштурулуп келерин айтты.
Кадыров: республикада "Жашыл экономика" жумалыгы өтөт

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында "Жашыл экономика" жумалыгы өткөрүлөт. Бул тууралуу Айбек Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Жашыл экономика" форуму быйыл мурдагы жылдардан айырмаланып туура бир жумага созулат.

"Жашыл экономиканы жайылтуу багытында уюштурулуп келген форум бул жылы мааракелик болуп, бешинчи ирет өткөрүлгөнү жатат. Мурунку жылдардан айырмаланып быйыл бир жумага созулат. "Жашыл экономика" жумалыгынын алкагында көптөгөн тармактарга көңүл бурулуп, 5-6 күндүн ичинде туризм, транспорт, энергетика, өндүрүш, айыл чарба, билим берүү жана маалымат жеткирүү багытында иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт. Жумалыктын акырында Бишкекте форум болуп, анда жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча маселелер козголот жана ага чет өлкөлүк эксперттер да катышат. Ага бардык каалоочулар катыша алышат", — деди Кадыров.

Ошондой эле ал быйылкы "Жашыл экономика" жумалыгы 2019-жыл  - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында өткөрүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0