Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турдуматов: кызыл китепти жаңылоого каражат жок

© Sputnik / Эркин СадыковБиотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов. Архив
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов мыйзам боюнча өлкөдө ар 10 жыл сайын жапайы жаныбарларды коргоого алган кызыл китеп жаңыланып туруусу керектигин айтты.
Турдуматов: кызыл китепти жаңылоого каражат жок

Кызыл китеп акыркы жолу 2007-жылы жаңыланган. Жаныбарлар ушул редакциянын негизинде корголуп жатат. Бул тууралуу Талант Турдуматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кызыл китепти түзүп чыгууга көп каражат керектелет.

"2005-жылы эгемендүү Кыргызстандын сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоого алган кызыл китебин түзүүдөгү эрежелери боюнча өкмөттүн токтому кабыл алынып, анын негизинде 2007-жылы жаңы кызыл китеп түзүлгөн. Ага илимдер академиясынан атайын адистер тартылган. Мыйзамга ылайык ар 10 жылда бул тизме жаңыланып турушу керек эле. Тилекке каршы, китептин чыгуу мөөнөтүнөн эки жыл өтүп кетсе да каражаттын жоктугунан токтоп турат", — деди Турдуматов.

Ал 2005-жылга чейин сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо эрежелери Советтер Союзунан калган мыйзамдар менен иштеп келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0