Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эгинбаев: учурда ашпозчу болууну каалаган жаштар көбөйүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаАшпозчулар ассоциациясынын президенти, башкы ашпозчу Берик Эгинбаев. Архив
Ашпозчулар ассоциациясынын президенти, башкы ашпозчу Берик Эгинбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашпозчулар ассоциациясынын президенти, башкы ашпозчу Берик Эгинбаев учурда улуттук ашканага суроо-талап жогору экенин айтты.
Эгинбаев: учурда ашпозчу болууну каалаган жаштар көбөйүүдө

Үч-төрт жыл мурун Европа ашканасы боюнча ашпозчулар көбөйүп кеткен эле. Учурда улуттук ашкана да батыштыкынан калбай популярдуу болууда. Ага жараша чайканалар да көп ачылып жатат. Бул тууралуу Берик Эгинбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы мезгилде жаштар арасында бул кесип актуалдуу болуп жатат.

"Учурда тажрыйбалуу ашпозчулар чет өлкөгө чыгып кетишкен. Өлкөбүздө кафе, ресторандар абдан көп. Бүт жерде мыкты адис издегендер. Анткен менен бул кесип жылдан-жылга бааланып, ага кызыгуу артып, ушул тармакта билим алып жаткан жаштар көбөйүүдө. Мындан алты, жети жыл мурун бул кесип актуалдуу эмес болчу. Учурда мыкты адистерди окутуп жатабыз. Биздин ассоциацияда 30дан ашык башкы ашпозчу бар. Тажрыйбасын арттыруу үчүн Испания, Францияга барып, чоң ресторандарда практикадан өтүп келишкен", — деди Эгинбаев.

Ал ашпозчу тамакты жөн гана даамдуу жасап койбостон, сүрөтчү сыяктуу эле аны кооздоп, көрүнүшүнө да көңүл бөлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0