15:37 22 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Жаш режиссёр Илгиз Шернияз
© Sputnik / Асель Сыдыкова

Шернияз: "Курманжан Датка" тасмасынын тартуу иштерине катышпаганыма өкүнөм

Радио
Кыскача шилтеме алуу
101 0 0

Жаш режиссёр Илгиз Шернияз учурда кинодон тышкары дебат боюнча окутууларды өтүп, дикторлук менен алектенерин айтты.

Кино тармагында кармалыш кыйын. Болгондо да режиссёр болуп татыктуу бир эмгек жаратуу ар биринин эле колунан келе бербейт. Бул тууралуу Илгиз Шернияз Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда биздин жаштарда кино көрүүнүн маданияты жок.

"Мен алгач дипломат же диктор болом дечүмүн. 2013-жылы "Курманжан Датка" тасмасы тартылып калды. Ошол учурда дүң болуп, бүт жерде трейлери берилип, тасма элдин кызыгуусун жаратты. Ошондон кийин кино тармагында билим алууну ойлонуп баштадым. Ал мезгилде Таласта тасманын тартуу иштери жүрүп калды. Бирок мүмкүнчүлүк болуп турса дагы тартуу талаасына барбаганыма ушул убакка чейин өкүнөм. Эми кийинки долбоорлорго сөзсүз катышам деп турам. Учурда өзүмдүн кыска идеяларымды ишке ашырууну ойлонуп жүрөм. Ал үчүн дүйнөлүк режиссёрлордун эмгектерине саресеп салам. Алсак, Жеймс Кэмерон, Асгар Фархади, Нури Бильге Жейлан жана Сергей Звягинцевдин фильмдерин көрүп, картинаны тартууга кантип даярданышарын окуп-билип, пайдалуу нерсе алууга аракет жасайм. Ал эми кыргыз режиссёрлордон Актан Арым Кубат, Темир Бирназаровдун фильмдерин көрүүдөн тажабайм", — деди Шернияз.

Буга чейин жаш режиссёр "Көк бөрү" аттуу кинотасма жаратып, анда кыргыздын улуттук ат оюндарынын биринин келип чыгыш тарыхын айтып бергенге аракет кылган. 

Илгиз Шернияз кыргыз киноискусствосуна жаштардын көңүлүн бурдуруу үчүн мектептерде Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларды көрсөтүүдөн башташ керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Илгиз Шернияз: кино тартып дүйнө кыдырса болот
Белгилер:
маданият, диктор, кино

ЭҢ МААНИЛҮҮ