07:37 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Avisa Technologies IT-компаниясынын башкы директору Бегайым Турумбекова
© Sputnik / Асель Сыдыкова

Турумбекова: Кыргызстанда маалыматтык биринчи мобилдик тиркеме ачылды

Радио
Кыскача шилтеме алуу
9010

Avisa Technologies IT-компаниясынын башкы директору Бегайым Турумбекова Кыргызстанда алгачкы маалыматтык мобилдик тиркеме иштелип чыкканын айтты.

Учурда адамдар интернет айдыңынан түрдүү ашыкча маалыматтарды алат. Биздин тиркеме керектүү категорияларды камтып, адамдын пайдалуу кабарларга ээ болушуна шарт түзөт. Бул тууралуу Бегайым Турумбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, компаниянын негизги миссиясы технологиялар аркылуу элдин жашоо шартын ар тараптан жакшыртуу болуп саналат.

"Бул тиркеме "Нуска" деп аталат. Себеби окурман ар түрдүү маалыматтарды кыска-нуска, бир жерден окуй алат. Бардык жергиликтүү жана чет элдик булактар бир жерде болгондуктан убактысы да үнөмдөлөт. Ошондой эле каалаган маалыматты окуу үчүн саясат, окуялар жана экономика деп бөлүнгөн 20 категория бар. Тиркеме кыргыз жана орус тилдеринде иштейт. Андан тышкары, бөлүшүү функциясы жана көздү оорутпоочу кара тема бар. Колдонуучулар аны Play Market аркылуу көчүрүп алса болот. Биздин компанияда иштеген 20дай кызматкер негизги ишинен 10 пайыз убактысын тиркеменин иштелип чыгышына жумшап, жарым жылда даяр болду", — деди Турумбекова.

Ал өлкөдөгү маалымат сайттарында саясат жана түрдүү негативдүү окуялар көп жазылып, адамга пайда алып келүүчү илимий же маданий позитивдүү жаңылыктар абдан аз жазыларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, аталган тиркемеден Sputnik.kg сайтынын кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн материаллдарын да окуй аласыздар.

 

Тема боюнча

Кыргызстанда диний окуу жайлары бирдиктүү электрондук системага өтөт
Белгилер:
Технологиялар, маалымат, тиркеме, IT компаниялары

ЭҢ МААНИЛҮҮ