Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турдубекова: балдарды интернатта табиялоо алардын укугун бузганга тете

© Sputnik / Эркин СадыковДиректор общественного фонда "Лига защитников прав ребенка" Назгуль Турдубекова
Директор общественного фонда Лига защитников прав ребенка Назгуль Турдубекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Лига" коомдук фондусунун директору Назгүл Турдубекова балдарды интернатта багып, тарбиялоо эл аралык практикада алардын укугун бузууга барабар болуп эсептелинерин айтты.
Турдубекова: балдарды интернатта табиялоо алардын укугун бузганга тете

Бүгүнкү күндөгү талаптарга ылайык өлкөдө интернаттар жоюлуп, ал жактагы балдар үй-бүлөдө тарбия алышы керек. Бул тууралуу Назгүл Турдубекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагы боюнча учурда 140тан ашуун балдар үйлөрү, интернат тибиндеги мекемелер бар. Ал жакта 12 миңге чукул өспүрүм, жеткинчектер тарбияланат.

"Учурдагы дүйнөлүк тенденцияны алып карасак, өнүккөн өлкөлөрдө балдар үйлөрү жок. Алар интернаттар тууралуу укса таң калышат. Анткени ал жакта жетим балдар фостердик үй-бүлөдө тарбияланат. Акыркы тапта буга постсоветтик өлкөлөр да ыктай башташты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда да өзгөрүүлөр болуп, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелерди жоюу багытында иштер аткарылууда. Муну учурда өлкө башчысы жана өкмөт жетекчилиги колдоп жатат. Анткени балдар үйлөрүн каржылоо үчүн жыл сайын 500 миллион сом бөлүнөт. Бирок бул каражаттын максаттуу коротулуп жатканы күмөн. Ошол себептен ата-энеси жок балдарды фостердик же өздөрүнүн үй-бүлөсүнө өткөрүп бериш керек. Анын үстүнө эл аралык тажрыйбада бала үй-бүлөдө чоңоюшу керек деген талап бар жана андан ажыратуу баланын укугун бузганга тете болот", — деди Турдубекова.

Ошондой эле ал ата-эненин мээримине бөлөнбөй чоңойгон балдар кийин бой жеткенде кайдыгер же зөөкүрлүккө жакын болору дүйнөлүк деңгээлдеги атайын изилдөөнүн негизинде далилденгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0