Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садыбакасова: "Кыз Бурак" тууралуу эки илимий иш жазылып жатыптыр

© Sputnik / Асель СыдыковаНародная артистка КР Гулшайыр Садыбакасова
Народная артистка КР Гулшайыр Садыбакасова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыз Бурак" ансамблинин негиздөөчүсү, КРдин эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова аталган топ түзүлгөндөн бери 400гө чукул кыз эмгектенгенин айтты.
Садыбакасова: "Кыз Бурак" тууралуу эки илимий иш жазылып жатыптыр

"Кыз Бурак" эстрадалык ансамблинин түзүлгөнүнө быйыл 43 жыл толду. Бул тууралуу Гүлшайыр Садыбакасова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган топтун репертуарында 2000ге жакын чыгарма бар.

"1970-жылдардын соңунда советтик республикаларда кыздардан турган музыкалык топторду түзүү тапшырмасы берилген. Мына ушунун негизинде "Кыз Бурак" ансамбли уюштурулуп, 43 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Бул жылдар ичинде ар кандай учурларды башыбыздан кечирдик. Орто Азияга, КМШ өлкөлөрүнө тааныла алган курамдарыбыз болду, тыныгуу сыяктуу жүрүп калган мезгилдерибиз да жок эмес. Бир кызды даярдоого алты ай, бир жыл убакыт кетет. Мына эми даяр болуп калды дегенде ала качып кетип, көз жашымды көл кылган күндөр да болду. Ордуна башка кызды таап даярдап баштасаң, экинчи кыз турмушка узайт. Мына ушундай учурларда топту жаап салгым келип кетчү. Бирок эл алдында алган жоопкерчилигимден кечип кете албай, кайрадан ишимди улантчумун. Учурда эми өлкөнүн музыкалык окуу жайларында жарым кылымдык тарыхы бар топ тууралуу илимий конференциялар байма-бай өткөрүлүп, рефераттар жазылып, эки кандидаттык иш жакталып жаткан ансамблге айлана алдык. Жакында "Кыз Бурактын" басып өткөн тарыхын  чагылдырган китеп чыгат. Ошончо жылдан бери колдонгон буюм-тайымдарыбыздын баары сакталуу болгондуктан, чогултуп туруп музей ачып койсокпу деп да ойлонуп жатабыз", — деди Садыбакасова.

Ал топко келген кыздар бир гана музыкалык жаатта билим албай, аял кишиге зарыл болгон бардык багытта тарбия алышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0