09:24 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти Нургүл Аднаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Аднаева: эки ай ичинде өлкө дарыканаларында баа турукташат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
32 0 0

Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти Нургүл Аднаева 29-октябрда өкмөттүн токтому менен өлкөдөгү дары-дармектин баасын жөнгө салган убактылуу эреже кабыл алынганын айтты.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өлкөдөгү дары-дармектердин баасы эч көзөмөлдөнгөн эмес. Бул тууралуу Нургүл Аднаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган токтомдун башкы максаты — дары-дармектердин баасын жөнгө салуу менен аларды элге жеткиликтүү кылып, дарыга болгон муктаждыкты жоюу.

"2017-жылы Жогорку Кеңеште фармацевтика рыногун жөнгө салуу боюнча маселе көтөрүлүп, "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Мына ошонун негизинде өкмөт башчы ушул жылдын 29-октябрында өлкөдөгү дары-дармектин баасын жөнгө салуу механизмин ишке ашыруу боюнча токтомго кол койду. Эми аталган күндөн эки ай өткөндөн кийин токтом күчүнө кирет да, пилоттук негизде апробациялоо боюнча долбоор ишке ашырылат. Мөөнөтү бир жыл. Учурда республикада фармацевттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Токтом күчүнө киргенге чейин Кыргызстандагы бардык дарыканаларда турктуу баа саясаты орнойт", — деди Аднаева.

Ошондой эле ал өлкөдөгү дары-дармектин баасын жөнгө салган убактылуу эреже азырынча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун программасынын алкагындагы препараттарга гана тийиштүү экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Азизбекова: "Жеңилдетилген рецепт" менен дарыларды 90 пайызга чейин арзан алса болот
Белгилер:
көзөмөл, токтом, өкмөт, баалар, дары, Нургүл Аднаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ