Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Темиркулов: жапайы жаныбарларга аңчылык кылуудан экосистема бузулууда

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстан жашыл альянсынын төрагасы Азамат Темиркулов
Кыргызстан жашыл альянсынын төрагасы Азамат Темиркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан жашыл альянсынын төрагасы Азамат Темиркулов сейрек кездешчү жаныбарларга өлкө аймагында аңчылык кылууга таптакыр тыюу салынышы керектигин айтты.
Темиркулов: жапайы жаныбарларга аңчылык кылуудан экосистема бузулууда

Аңчылыкка мораторий киргизүү зарылчылыгы барбы-жокпу деп талкуулап отурбашыбыз керек. Сейрек кездешчү жаныбарларды атууга узак убакытка тыюу салуу мезгил талабы болуп турат. Мындай пикирин Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мергенчилер бир гана ошол жаныбарга зыян келтирбей, бүтүндөй экосистемага, анын ичинен мөңгүлөргө да залалын тийгизип жатат.

"Сейрек кездешкен жаныбарларды атууга башка кызыкчылыктарга карабай тыюу салынышы кажет. Анткени ар бир жаныбардын табиятта өзүнүн аткарчу функциясы бар. Эгер жаныбардын бир түрү кырылса же азайып кетсе, бүтүндөй экосистема жабыркайт. Анын ичинде тоо, токой, мөңгүлөр дагы. Албетте, бул келип эле адамзатынын ден соолугуна терс таасирин тийгизет", — деди Темиркулов.

Ал жапайы жаныбарлардын көбөйүшү бак-дарактарга оң таасирин берсе, жашыл чөйрө нымдуулукту сактоо менен мөңгүлөрдү убактысынан эрте эрип кетүүдөн сактарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0