07:20 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Жанжигит уулу: маданият тармагына олуттуу реформа керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
36 0 0

Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу маданият жаатында өкмөттүк деңгээлде чечиле турган бир топ көйгөйлүү маселелер бар экенин айтты.

Маданият тармагына олуттуу реформа керек. Мындай пикирин Жолдошбек Жанжигит уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда маданият тармагынын өкүлдөрү иш алып барып жаткан мыйзам жана жоболор 90-жылдары легендарлуу парламент тарабынан жазылган жана алар бүгүнкү күндө эскирип, азыркы талаптарга жооп бербей калган.

"Өлкөдөгү театрлардын абалы азыркы учурдун талаптарына жооп бербейт. Коомчулуктун, айрыкча жаштардын маданият очогуна келбей жатканы мына ошондон. Бүгүнкү күндө маданият мекемелерине караганда соода борборлору кыйла кызыктуураак. Элге заман талабына жараша шарттарды түзүп бермейинче театр, аны менен бирге маданият да өнүкпөйт. Бул багытта чечилбей жаткан маселелер абдан көп. Аларды министрликтин эмес, өкмөттүн деңгээлинде чечиш керек. Маданиятка байланыштуу мыйзамдардан тарта имараттардын ремонту жана реквизиттерине чейин жаңылоо зарыл. Бир сөз менен айтканда, маданият тармагында олуттуу өзгөрүш болуп, реформа жүрмөйүнчө баягы эле таз кейпибизде кала беребиз", — деди Жанжигит уулу.

Ал ошондой эле жаштарды театрга тартып, маданиятка кызыктуруу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги биргеликте иш алып барышы керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Жанжигит уулу: театрга келген адам жан дүйнөсүн байытып кетет
Белгилер:
театр, жаштар, реформа, маданият, Жолдошбек Жанжигит уулу

ЭҢ МААНИЛҮҮ