Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сооданбекова: өспүрүмдөр социалдык көйгөйлөрдү изилдөөдө көмөкчү

© Sputnik / Табылды КадырбековУчастник проекта "Жаш проекта" Сезим Сооданбекова
Участник проекта Жаш проекта Сезим Сооданбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жаш аракет" долбоорунун катышуучусу Сезим Сооданбекова аталган долбоордо өспүрүмдөр социалдык көйгөйлөрдү изилдеп, аныктап чыгууда жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтөрүн айтты.
Сооданбекова: өспүрүмдөр социалдык көйгөйлөрдү изилдөөдө көмөкчү

Биздин долбоордо жаш улан-кыздар иштейт. Ыктыярчылардын максаты — ар кайсы аймактарга бөлүнүп, ошол жерде болуп жаткан көйгөйлөрдү иликтеп чыгууда жергиликтүү бийликке жардам берүү. Бул тууралуу Сезим Сооданбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Жаш аракет" долбоору бул ирет Токмок, Беловодское жана Кант аймактарында сурамжылоо иштерин жүргүздү.

"Биздин долбоордо дээрлик өспүрүмдөр иштейт. 16 жаштан 22 жашка чейинки улан-кыздардан турган ыктыярчы топтор өлкөнүн ар кайсы аймагында бар. Биз өзүбүз жашаган жердеги социалдык көйгөйлөрдү иликтеп, изилдөө иштеринин жыйынтыгын жергиликтүү бийликке көрсөтөбүз. Андан соң маселенин чечүү жолдору талкууланат. Мындай коомдук угуулар ар бир изилдөө иштерибизден кийин болуп турат. Мен бул ирет Канттагы медициналык тейлөөнүн абалын изилдеген топто иштедим. Натыйжада калаа тургундарынын 20 пайызы шаардык бейтапкананын ишине канааттанбаганын аныктадык. Кантта 30 миң киши жашаса, аларды мамлекеттик поликлиникада иштеген 30 гана медицина кызматкери тейлөөгө аргасыз. Мунун айынан кезек арбып, тейлөө сапаты төмөндөгөн. Эл жеке медициналык жайларга кайрылууга мажбур экен", — деди Сооданбекова.

Ал ошондой эле коомдук көйгөйлөргө кайдыгер карабаган жаш ыктыярчылардын жылдан-жылга көбөйүп жаткандыгын кошумчалалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0