08:18 16 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Асанходжаев: ноябрдын 2-3-декадасында кар жаайт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
259 0 0

ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев аба ырайына байланыштуу ноябрдын биринчи жумасында күзгү талаа жумуштарын толук бүтүрүп алуу керектигин айтты.

Ноябрдын биринчи декадасында абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Рыскелди Асанходжаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 4-5-6-ноябрь өрөөндөрдө жаан жаайт, ал эми тоолуу райондорго кар түшөт.

"4-ноябрдан кийин абанын температурасы күндүз 13 градус жылуу болсо, түнкүсүн 0 градус болот. 10-ноябрдан кийин суук боло баштайт. Айдын 2-3-декадасында кар жаашы мүмкүн. Тоолордо, ашуулардагы жолдордо жүргөн унаалар кышкы дөңгөлөктөрүн салып, жолго камдуу чыгышын сунуштайм. Отун-суу алып, жыйым-теримди толук бүтүрүп алуу керек. Азыр кардын нормасын айтууга эрте. Марттын орто ченине чейин камдуу болгон оң, айрым тоолуу өрөөндөрдө кар май айына чейин жатышы мүмкүн", — деди Асанходжаев.

Ал учурда Гидрометеорология боюнча агенттигинде жалпысынан 600 кызматкер эмгектенерин кошумчалады.

Тема боюнча

Ноябрдын башында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу
Белгилер:
суук, Кыргызгидромет, аба ырайы

ЭҢ МААНИЛҮҮ