08:42 17 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Режиссер Мирлан Абдыкалыков
© Sputnik / Эркин Садыков

Абдыкалыков: "Жөө күлүк" тасмасын кинотеатрлар тез эле алып салышты

Радио
Кыскача шилтеме алуу
107 0 0

Режиссер Мирлан Абдыкалыков "Жөө күлүк" тасмасы Германияда өткөн балдардын жана өспүрүмдөрдүн Schlingel кинофестивалына катышып, көргөзмөдөн соң мектеп окуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткандыгын айтты.

Дүйнөгө кыргыз киносун тааныткан тасмаларды жаратышыбыз керек. Кээде коммерциялык фильм тартсамбы деп ойлоп кетем. Бирок ал бир гана Кыргызстандын ичинде калып калат. Мындай пикирин Мирлан Абдыкалыков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында / таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Жөө күлүк" тасмасын кинотеатрлар көрсөтүүдөн тез эле алып салышкан.

"Жөө күлүктүн" дүйнөлүк премьерасы Пусанда өтүп, эл аралык кинофестивалда кино сынчылардын сыйлыгына — ФИПРЕССИге да ээ болдук. Негизи корей эли биздин көрүүчүлөрдөн айырмаланып тасманы кунт коюп көрүп, фильм аяктагандан кийин ийне-жибине чейин сурап, аябай талкуулашат экен, ыраазы болдум. Андан кийин улуттук премьераны өткөрүп алдым. Тилекке каршы, бул жактагы прокатыбыз начар болуп калды. Бир таарынычым — эл көп келип берген жок. Бир дем алыш коюлган соң кинотеатрлар тасманы алып салышкан. Аларды деле түшүнсө болот. Каражат түшүп турушу керек да. Тасманы Кажы-Сай, Бөкөнбаев айылдарында тарткан эмеспизби. 2-ноябрь — маданият кызматкерлеринин күнүнө карата бул эки аймакта 1-2-ноябрь күндөрү эл назарына тартуулайбыз", — деди Абдыкалыков.

Режиссер Кыргызстанда авторлук тасмалар анчалык популярдуулукка ээ эмес экендигин кошумчалады.

Белгилер:
фестиваль, жөө күлүк, кино, Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы

ЭҢ МААНИЛҮҮ