Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаныбеков: Кыргызстандагы 24 миңдей мергенчи үч категорияга бөлүнөт

© Sputnik / Эркин СадыковВедущий специалист отдела охраны и воспроизводства ресурсов животного мира Департамента ГАООСиЛХ Абай Жаныбеков
Ведущий специалист отдела охраны и воспроизводства ресурсов животного мира Департамента ГАООСиЛХ Абай Жаныбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Абай Жаныбеков өлкөдө мергенчилик 2014-жылы кабыл алынган мыйзамдардын негизинде көзөмөлдөнө турганын айтты.
Жаныбеков: Кыргызстандагы 24 миңдей мергенчи үч категорияга бөлүнөт

Кыргызстанда 24 миңден ашуун мергенчи катталган. Алардын 100дөйүн мүнүшкөрлөр түзөт. Бул тууралуу Абай Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө мергенчилик үч категорияга бөлүнөт.

"2014-жылы мергенчилик жана аңчылык чарбачылыгы багытында чоң реформа жүргөн. Ага ылайык, он чакты токтом кабыл алынып, бүгүнкү күндө ошол мыйзамдардын негизинде иш алып барабыз. Мергенчилик кылууга уруксат алуу үчүн кадимкидей экзамен тапшырышат. Сынакты Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү өкүлчүлүктөрүндө түзүлгөн комиссиялар кабыл алат. Андан соң аңчы тууралуу, анын курал-жарагы жөнүндө бардык маалыматтар аталган агенттиктин базасына катталат. Мергенчиликке уруксат берүү үч категорияга бөлүнгөн. Бул А категориясына аңчылар өздөрү, В бөлүмүнө аңчылык чарбасын жүргүзгөн юридикалык жактар, ал эми L категориясындагы уруксатты мүнүшкөрлөр алышат", — деди Жаныбеков.

Ал мамлекет тарабынан аңчылыкка берилчү уруксат жолдомолору сезондук жана бир жолкуга деп бөлүнөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0