03:24 28 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0201
  • RUB1.1205

Саламатов: Европа обончулары 200 жыл баскан жолду кыргыздар 80 жылда өттү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
51 0 0

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери, композитор жана музыкалык сынчы Тимур Саламатов Кыргызстандын Композиторлор союзунун түзүлгөнүнө быйыл 80 жыл болгонун айтты.

Европанын композиторлору 200 жыл баскан жолду кыргыз обончулары 80 жылда багындырды. Мындай пикирин Тимур Саламатов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз музыкасы 80 жыл аралыгында опера, балет, симфониялык чыгармаларды, ар кандай аспаптарды, камералык оркестрди, романстарды жана башка ушул сыяктуу бардык дүйнөлүк жанрларды өздөштүрдү.

"Кыргыздардын Композиторлор союзу 1939-жылы түзүлгөн. Европанын обончулары 200 жыл баскан жолду биз 80 жылда багындырдык. Кыргыз композиторлору жараткан эмгектер дүйнөгө дүңгүрөдү. Мисалы, Карамолдо Орозов, Муратаалы Күреңкеев, Атай Огонбаев, Ыбырай Туманов, Калый Молдобасанов жана башка көптөгөн чыгармачыл инсандардын эмгектери өлбөс-өчпөс болуп, шедеврге айланды. Андан сырткары, өлкөдө көптөгөн музыкалык орто жана жогорку окуу жайлар түптөлдү. Ал жактарда бүгүнкү күнгө чейин мына ошол залкар кыргыз композиторлору жаратып кеткен чыгармалардын негизинде сабактар өтүлүп келет", — деди Саламатов.

Ошондой эле ал кыргыз музыкасы дүйнөлүк классиканы да, фольклор жанрын да куштун эки канатындай чогуу өнүктүрүп кете алганын кошумчалады.

Тема боюнча

Иманалиев: комуз 3000 жыл мурда кытай падышасына белекке берилген
Белгилер:
музыка, союз, композитор, Тимур Саламатов

ЭҢ МААНИЛҮҮ