Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдаралиева: дүйнөдө 6 секунд сайын кант диабетинен бир адам көз жумат

© Sputnik / Асель СыдыковаМенеджер общественного объединения "Социум" Нурзада Айдаралиева
Менеджер общественного объединения Социум Нурзада Айдаралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Социум" коомдук бирикмесинин менеджери Нурзада Айдаралиева саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражат кыскарса, кант диабети менен ооругандар үчүн өтө оор абал жараларын айтты.
Айдаралиева: дүйнөдө 6 секунд сайын кант диабетинен бир адам көз жумат

Өлкөдө кант диабети менен жабыркагандардын ичинен 24 миң адам инсулинге муктаж. Бул тууралуу Нурзада Айдаралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кант диабетинин экинчи тиби менен ооруган бейтаптар таблеткаларды бекер алышы керек. Бирок учурда сатып алышууда.

"Азыркы учурда расмий маалымат боюнча 60 миң 520 адам кант диабети менен ооруйт. Ал эми "Диабети жок балалыгым" коомдук бирикмесинин маалыматына ылайык, 180 миңден ашуун адам бул илдет менен жабыркайт. Кант диабети менен ооруган, инсулинге муктаж бейтап препаратты күнүнө үч-төрт маал кабыл алышы зарыл. Бул дарыны ичпесе өлүмгө алып келиши мүмкүн. Алсак, дүйнөдө ар бир алты секунд сайын кант диабетинен бир адам каза болот. Биздин өлкөдө 2019-жылы сатып алынган инсулин 8-9 айлык гана керектөөнү жабат. Мыйзам боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин кампасында алты айлык запас болушу керек эле. Андан сырткары, аталган препарат бейтаптарга акысыз берилмек. Эми бул тармакка каражат кыскартылса, абдан кейиштүү абал жаралышы мүмкүн", — деди Айдаралиева.

Ал жыл сайын гемодиализге муктаждардын саны да 200-300 адамга өсүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0