Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тогузбаева: жапыз бактардын аралыгы 4 метрден кем болбошу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева. Архив
Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева бак отургузууда эмнелерге көңүл бөлүү керектигин айтып берди.
Тогузбаева: жапыз бактардын аралыгы 4 метрден кем болбошу керек

Көчөт отургузулуучу чуңкурдун тереңдиги 50, диаметри 70 сантиметр болушу шарт. Чириген кык себилген чуңкурга көчөттү салып, алгач үстүнөн алынган топурак, андан соң астынан казылган топурак менен көмүү керек. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, карлик бактары отургузулган жылдан баштап эле түшүм берет.

"Кумдуу жерде абрикос жана өрүк жакшы өсөт. Бирок кумдуу жерде нымдуулук кармалбайт эмеспи. Ошондуктан жерди диаметри жана тереңдиги эки метр кылып казып, байытылган топурак салыш керек. Андан кийин гана көчөттү отургузса ал жакшы өсөт. Чополуу топурак болсо ага кум жана компост аралаштыруу керек. Таштак жердин сөзсүз таштарын терип салган оң. Бактарды отургузууда алгач аралыктарын туура пландап алуу керек. Алсак, жарым карлик бактын бутактары сегиз метр жайылат. Демек, эки дарактын ортосунун аралыгы төрт метр, катары беш метр болушу керек. Мурда иштетилбеген жер болсо жогоруда айтылгандай эле анын структурасына жараша топуракты асылдандырабыз. Андан тышкары, тамчылатып сугаруу системасын орнотуп алууну сунуштайм", — деди Тогузбаева.

Адис биздин өлкөдө мөмө бактардын арасында бактериалдык күйүк оорусу жайылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0