Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шергазиев: автоинспектор мыйзам бузуп качкандарды кууп, дөңгөлөккө атканга укуктуу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКККББнын тескөөчүсү Узакбек Шергазиев
ЖКККББнын тескөөчүсү Узакбек Шергазиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККББнын тескөөчүсү Узакбек Шергазиев жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер кайсы учурда тапанча колдонууга укугу бар экенин айтып берди.
Шергазиев: автоинспектор мыйзам бузуп качкандарды кууп, дөңгөлөккө атканга укуктуу

Кармалган адам кооптуу ар кандай кыймыл жасаса, бул ИИМдин кызматкерлерине болгон зордук-зомбулук болуп саналат. Бул тууралуу Узакбек Шергазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгерде түзүлгөн кырдаалда тапанча колдонууга көзү жетип турса, кызматкердин курал колдонушуна мыйзам уруксат берет.

"ЖКККББнын кызматкерлери кармалган адамдар күтүлбөгөн жерден кол салса, кызматкерлер уруксат бербеген жерге жакындаса, чөнтөгүнөн бир нерселерди алып чыкса, куралына колун тийгизсе ок атууга укуктуу. Айдоочу унаасын токтопой качып кеткен учурда автоинспекторлор артынан түшүп, алгач унаанын маягын жандырып алып, астын тороп токтотконго аракет кылат. Башка унааларды же кишилерди сүзүп, адамдын өмүрүнө коркунуч жараткан убакта кызматкер ок чыгарат. Биринчи кезекте эскертүү катары асманга ок атып, андан кийин анын дөңгөлөгүнө же радиаторуна залал келтирип токтотот", — деди Шергазиев.

Ал милиция кызматкерлеринин токтотконуна баш ийбей же мурда мыйзам бузуп качып жүргөн айдоочу токтобой кеткен учурда унааны кууганга укугу бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0