Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маматов: аялдын төшүнө салынган имплант онкологиялык оору чакырбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБорборубуздагы жеке клиникалардын биринин пластикалык хирургу Улукбек Маматов. Архив
Борборубуздагы жеке клиникалардын биринин пластикалык хирургу Улукбек Маматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борборубуздагы жеке клиникалардын биринин пластикалык хирургу Улукбек Маматов маммопластиканын баасы 2000 доллардан жогору экенин айтты.
Маматов: аялдын төшүнө салынган имплант онкологиялык оору чакырбайт

Аялдын төшүнө коюлган имплант оор көтөрсө же учакка түшсө жарылат деген сөз болбогон кеп, катуу сокку болсо дагы сапаттуу имплант формасын гана өзгөртүшү мүмкүн, бирок ал жарылбайт. Бул тууралуу Улукбек Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, имплант алмаштырып турууну талап кылбайт.

"Маммопластика же көкүрөктү чоңойтуу онкологиялык ооруларды чакырбайт. Тескерисинче, операциядан кийин аял дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуп, кандайдыр бир илдетке чалдыккан болсо аны эрте аныктап, өз учурунда айыктырууга себепчи болобуз. Операцияны жаш кыздар чоңойтуу үчүн, ошондой эле төрөгөн аялдар ылдый түшүп калган төшүн өйдө тарттырып, калыбына келтириш үчүн жасатышат. Имплант сүт каналдарын жаап калып же анын сапатына эч кандай таасир бербейт. Себеби булчуңдун алдына салабыз. Аны чыгарган компаниялар түбөлүккө жүрүүгө кепилдик беришет. Кол менен кысып же басым менен аны жарууга мүмкүн эмес. Жада калса, автоунаа менен тебелетип эксперимент жасаган видеолор бар. Анда да жарылып кетпейт. Имплантка бир гана учтуу нерсе кирип кетсе жарылат", — деди Маматов.

Ал операциянын алдында жана жасаткандан кийин спирт ичимдиктерин ичүүгө, тамеки чеккенге жана ачуу тамактарды жегенге болбой тургандыгын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0