Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шергазиев: 2020-жылга чейин 15 миң мугалимдин билимин жогорулатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун окуу усулдук илимий иштери боюнча директорунун орун басары Алмазбек Шергазиев
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун окуу усулдук илимий иштери боюнча директорунун орун басары Алмазбек Шергазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун окуу усулдук илимий иштери боюнча директорунун орун басары Алмазбек Шергазиев педагогдор беш жыл сайын квалификациясын жогорулатып турушу керектигин айтты.
Шергазиев: 2020-жылга чейин 15 миң мугалимдин билимин жогорулатабыз

Билим берүү жана илим министрлиги бекитип берген план-графиги боюнча 2020-жылга чейин 15 миң мугалимдин билимин жогорулатышыбыз керек. Бул тууралуу Алмазбек Шергазиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдан тарта мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу системасы дистанттык түргө өтөт.

"Быйыл биздин институттан өлкө аймагындагы мугалимдердин 20 пайызы, тактап айтканда, 15 миң педагог квалификациясын жогорулатып кетиши керек. Бул боюнча атайын план-график да бекитилди. Буга чейин мынча кишини окуудан өткөрүү мүмкүн эмес эле. Болжол менен жылына 2000ге жакын мугалимдин билимин жогорулатууга жетишчүбүз. Азыр заман талабына ылайык иш алып барып, билим берүү системасын санарипке өткөрүп жатабыз. Ага ылайык, агартуучулар дистанттык түрдө, үйүндө отуруп эле окууга катыша алат. Мурун окуу мөөнөтү эки жумага созулса, азыр эки эсеге кыскарып, аны менен чогуу чыгымдар да азаят. Учурда бул ыкма менен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун педагогдорун окутуп жатабыз. Ал эми келерки жылы дистанттык билим берүү системасы бардык аймактарга жайылтылат", — деди Шергазиев.

Ал ошондой эле акыркы беш жылдан бери мугалимдердин билим сапаты жылдан-жылга жакшырып жатканын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0