Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Беккелдиев: Москвадан чыккан "афганчылардын" автожүрүшү Бишкекке келди

© Sputnik / Жоомарт УраимовКуралдуу күчтөрдүн, күч түзүмдөрүнүн жана оорукта эмгектенгендердин ардагерлер кеңешинин жооптуу катчысы Чолпонбек Беккелдиев
Куралдуу күчтөрдүн, күч түзүмдөрүнүн жана оорукта эмгектенгендердин ардагерлер кеңешинин жооптуу катчысы Чолпонбек Беккелдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куралдуу күчтөрдүн, күч түзүмдөрүнүн жана оорукта эмгектенгендердин ардагерлер кеңешинин жооптуу катчысы Чолпонбек Беккелдиев согуш ардагерлеринин "Кундуз 149" кайрымдуулук фондусу Москва-Душанбе-Москва автожүрүшүн өткөрүп жатканын айтты.
Беккелдиев: Москвадан чыккан "афганчылардын" автожүрүшү Бишкекке келди

Москвадан чыккан "афганчылардын" автожүрүшү Бишкеке келди. Бул тууралуу Чолпонбек Беккелдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган автожүрүштүн башкы максаты - коомчулукту согушка каршы үндөө, КМШга кирген өлкөлөрдүн ардагерлеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө. Андан сырткары, афган согушунда курман болгон аскерлердин атын өчүрбөй сактап калуу, жакындарына көмөк көрсөтүү жана жаштардын мекенчилдик сезимин ойготуу.

"Бул жүрүштү уюштуруу демилгесин Советтер Союзу учурунда 149-мотоаткычтар полкунда кызмат өтөгөн жоокерлер көтөргөн. Алар 15-сентябрда Москвадан старт алган "Афганчылардын чеги жок биримдиги" деген аталыш менен уюштурулган эл аралык автожүрүштүн алкагында Бишкекте болуп, андан ары Өзбекстанга өтүштү. Алыстан келген коноктор Вячеслав Климов жана Александр Ким жергиликтүү жаштардын патриоттук сезимдерин ойготуу максатында №37 мектептин окуучулары менен жолугушуу өткөрүп, афган согушунда курман болгон мекендештерибиздин бири Виктор Маркоскийдин эстелигине барып, эскеришти. Мындан сырткары, ЖК депутаты Кенжебек Бокоев менен да жолукту", — деди Беккелдиев.

Маектеш аталган автожүрүштүн соңунда 50 мүнөттүк даректүү тасма даярдаларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0