Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанкожоев: эми бир унааны эки кишиге каттаса болот

© Sputnik / Досхан Нусупбеков"Унаа" мамлекеттик мекемесинин өкүлү Урмат Асанкожоев
Унаа мамлекеттик мекемесинин өкүлү Урмат Асанкожоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Унаа" мамлекеттик мекемесинин өкүлү Урмат Асанкожоев автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк алуу жол-жобосуна өзгөртүүлөр киргизилгенин айтты.
Асанкожоев: эми бир унааны эки кишиге каттаса болот

Мындан ары бир автоунааны эки кишиге каттаса болот. Бул тууралуу Урмат Асанкожоев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, машина эки кожоюнга электрондук түрдө гана катталат. Ал эми техникалык паспортуна эки кишинин бирөөсүнүн гана аты жазылып, жол эрежеси бузулса айып пул тууралуу кат анын дарегине келет.

"Автоунааны каттоо жана айдоочулук күбөлүк алуу жол-жобосу жеңилдеди. Эми эки киши же болбосо жубайлар биригип бир унаага ээлик кыла алат. Тактап айтканда, машина электрондук түрдө эки кишиге катталат. Бирок техникалык паспортуна кожоюндардын бирөөсүнүн гана аты жазылат. Эгер жол эрежеси бузулса, айып пулдар ошол документте көрсөтүлгөн дарекке барат. Ал эми автотранспортту сатып же алмаштырууда электрондук каттоодогу эки адамдын тең макулдугу керек болот", — деди Асанкожоев.

Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрү бериле турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0