Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Осмоналиев: 11 жыл окуган баланын аттестаты кадыр-баркка ээ болбой калды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин профессору Каныбек Осмоналиев. Архив
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин профессору Каныбек Осмоналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин профессору Каныбек Осмоналиев билим берүү системасындагы орчундуу көйгөйлөргө токтолду.
Осмоналиев: 11 жыл окуган баланын аттестаты кадыр-баркка ээ болбой калды

Биз билим берүүдө сегменттерге бөлүп отуруп, үзгүлтүксүздүк процессин жоготуп алдык. Жыйынтыгында 11 жыл окуган баланын билими кат тааныгандан башка эч нерсеге жарабай калды. Мындай пикирин Каныбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда бала бакча менен мектепке чейинки даярдоо класстарынын окутуу программасы бири-бирин кайталап жатат.

"Советтер Союзунун маалында "нулевой класс" деген класс бар эмес беле. Ал деле бала бакчалардын жетишсиздигинен улам келип чыккан болчу да. Бирок азыркыдай башаламан эмес, иреттүү түзүлгөн программа менен окутушчу. Эгемендүү Кыргызстан болгону бул класстар жоюлган, бирок жакынкы жылдары кайрадан мектепке чейинки даярдык деп алгач 240 саат, андан соң 480 саат кылып киргизишти. Балдар бул даярдыкта деле бакчадан окуганын үйрөнүп жатышат. Албетте, бөбөктөргө мындай мектеп кызыксыз сезилип, көптөрү окууга болгон дилгирлигин мектеп босогосун аттаганда эле жоготуп салышат. Ушундай система менен окутуп отуруп, 9-класска чейин мыйзам милдеттендирген билимди бердик дейбиз дагы, 10-11-класстарда балдарды эптеп эле кармап отурабыз. Алар жогорку класстардагы программасын кайра ЖОЖдун 1-2-курсунда кайталап жатышат. Башкача айтканда, 11 жылын коротуп алган аттестаты эч нерсеге жарабай калууда", — деди Осмоналиев.

Окумуштуу ошондой эле ЖОЖдордогу Болон процесси улуттук өзгөчөлүктөргө ылайыкташып, иштелип чыкпагандыктан толук кандуу натыйжа бербей жатат деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0