Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Башкы ашпозчу: дүйнөлүк сынактардан 25тен ашык медаль алдык

© Sputnik / Асель СыдыковаАшпозчулар ассоциациясынын президенти, башкы ашпозчу Берик Эгинбаев
Ашпозчулар ассоциациясынын президенти, башкы ашпозчу Берик Эгинбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашпозчулар ассоциациясынын президенти, башкы ашпозчу Берик Эгинбаев жакында үч ири иш-чара өтө турганын айтты.
Башкы ашпозчу: дүйнөлүк сынактардан 25тен ашык медаль алдык

Ашпозчулар ассоциациясы 2014-жылы түзүлгөн. Ошондон баштап WACS – Бүткүл дүйнөлүк башкы ашпозчулар коомунун бирикмесине киргенбиз. Ага ылайык, жыл сайын ар бир өлкөдө үч фестиваль өтүшү керек. Бул тууралуу Берик Эгинбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда уюмга 129 өлкө мүчө. Ар бир өлкөдөгү бирикме мыкты ашпозчулар таймашын өткөрүп турат.

"Азербайжан, Түркияга барып алтын, күмүш, коло медалдарды алып келгенбиз. Учурда ашпозчулар ассоциациясында дүйнөлүк сынактардан алган 25тен ашык медаль бар. WACS бирикмесинин талабы боюнча жыл сайын ар бир өлкөдө үч фестиваль өтүшү керек. Буга байланыштуу 23-октябрда беш жаштан 15 жашка чейинки балдар арасында жаш ашпозчулар таймашын уюштурабыз. Анда бештен сегиз жашка чейинки балдар жөнөкөй эле бутерброд жасап, аны кооздошот дагы презентация жасашат. 10 жаштан 15 жашка чейинки балдар бутерброд жана салат даярдашат. Ал эми январь айында студенттер арасында таймаш уюштурабыз. Май айында болсо эл аралык "Казан-Мангал" фестивалын өткөрөлү деп турабыз", — деди Эгинбаев.

Ал өткөн "Казан-Мангал" эл аралык фестивалына сегиз өлкөдөн ашпозчулар келип, таймаштын жыйынтыгында кыргыз ашпозчулары алдыңкы орундарды алганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0