06:32 15 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0878
№10 кесиптик лицейдин директору Саадат Сейдалиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Сейдалиева: №10 кесиптик лицейге Сүймөнкул Чокморовдун аты ыйгарылды

Радио
Кыскача шилтеме алуу
248 0 0

№10 кесиптик лицейдин директору Саадат Сейдалиева аталган окуу жайдын курамына кол өнөрчүлөрдү даярдаган №92 лицей кошулганын айтты.

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин буйругу менен 17-октябрда №10 кесиптик лицейге СССРдин эл артисти, таланттуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Саадат Сейдалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эки кесиптик лицей күчтүү жана чабал окуу жайларды оптималдаштыруу процессинин негизинде бирикти.

"Билим берүү жана илим министрлиги күчтүү жана чабал окуу жайларды оптималдаштыруу процессинин негизинде №92 лицейди №10 кесиптик лицейге быйылкы жылдын 6-февралында кошуу буйругун чыгарды. Бирок бизге кошулган окуу жайдын айрым жумуштан алынган кызматкерлери Чокморовдун аты өчүп калат деген нааразычылыктарын айтып, түшүнүп-түшүнбөй эле коомчулукту дүрбөтө баштады. Бул жагдайды эске алып биздин жамаат Чокморовдун атын №10 лицейге ыйгаруу өтүнүчү менен башталгыч кесиптик билим берүү агенттигине кайрылдык. Ал жактан 17-октябрда буйрук чыгып, аталган окуу жайга Чокморовдун ысымы берилди", — деди Сейдалиева.

Маектеш быйылкы жылдын 9-ноябрында Чокморовдун 80 жылдык мааракесин белгилөө үчүн тиешелүү иштер аткарылып жаткандыгын айтты. Ал өкмөттөн бөлүнгөн үч миллион сомго лицейдин көркөм өнөр бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Омуралиев: билим жарманкесинде чет жакта окуу боюнча кеңештер айтылат
Белгилер:
кесип, лицей, Сүймөнкул Чокморов

ЭҢ МААНИЛҮҮ