Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арстанбекова: жатын моюнчасынын рагынын башкы себеби — суук тийгизип алгандык

© SputnikБорбор калаадагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова
Борбор калаадагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова жатын моюнчасынын рагы акыркы баскычына чейин билинбей жүрө бериши мүмкүн экенин айтты.
Арстанбекова: жатын моюнчасынын рагынын башкы себеби — суук тийгизип алгандык

Жатын моюнчасынын рагы суук тийгенден башталат. Бул тууралуу Аида Арстанбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул илдет жылдан-жылга жашарып, тагыраагы, келиндерде жана улгая элек аялдарда кездешүүдө.

"Статистикага таянсак, Кыргызстан рак оорусу боюнча алдыңкы тизмеде экен. Эң жаманы - бул илдеттен  жабыркагандардын жашаруусу болууда. Практикамда 16 жаштагы кыз аталган илдетке кабылып келген. Көргөн көзүбүзгө ишенбей, жаман болгонбуз. Бирок анализ тастыктап берди. Учурда аялдар көп нерсеге маани бербейт, кайдыгер. Оорунун баары суук тийгенден башталат. Турмушка чыккандан кийин да кыз кездегидей суюктук келип турушу керек. Эгер өзгөрүүлөр болсо, дарыгерге кайрылуу зарыл. Мына ушул гинекологго барбагандан улам оору өрчүп, моюнча желип баштайт. Ал бара-бара чоң жарага айланат. Дароо ал жерге түрдүү бактериялар чогулат да ракка өтүп кетет", — деди гинеколог.

Арстанбекова организмге жараша, жада калса, 3-баскычтагы ракты толук айыктырса болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0