Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аскарова: 2020-жылдан тарта парламенттен аял депутат кетсе ордуна аял келет

Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айнура Аскарова өлкө саясатында гендердик тең укуктуулук сакталбай жатканын айтты.
Аскарова: 2020-жылдан тарта парламенттен аял депутат кетсе ордуна аял келет

Мыйзам боюнча парламентте бир жыныстагы депутаттардын жалпы саны 30 пайыздан кем эмес болуусу шарт. Бирок бул нерсе ишке ашпай келет. Бул тууралуу Айнура Аскарова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдан тарта аял депутат мандатын тапшырса, ордуна тизме боюнча кийинки аял келе турган мыйзам күчүнө кирет.

"Иш жүзүндө аялдардын укугу тебеленип калып жатат. Шайлоо учурунда тизменин 30 пайызын аялдар түзөт. Анан парламентке келгенде эле тигил же бул себептер менен аял депутаттар четтетилип, ордун эркектер ээлейт. БУУнун 2030-жылга чейин дүйнө парламенттеринде аялдардын санын 50 пайызга жеткирүү милдеттемеси бар. Бирок бизде азырынча 30 пайыз үчүн гана күрөш жүрүп жатат", — деди Аскарова.

Эл өкүлү мыйзамды сактоого далалаттануу менен ар бир аял эле депутат боло албастыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0