Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Омуралиев: билим жарманкесинде чет жакта окуу боюнча кеңештер айтылат

© Sputnik / Асель СыдыковаОрганизатор ярмарки образования EXPO-2019 Турарбек Омуралиев
Организатор ярмарки образования EXPO-2019 Турарбек Омуралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык EXPO-2019 билим жарманкесинин уюштуруучусу Турарбек Омуралиев аталган иш-чара чет өлкөдө окугусу келген жаштарга маалымат берүү максатында өткөрүлүп жатканын айтты.
Омуралиев: билим жарманкесинде чет жакта окуу боюнча кеңештер айтылат

Чет мамлекетке барып билим алгысы келген жаштардын саны жыл сайын өсүп жатат. Бул тууралуу Турарбек Омуралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, билим жарманкелери 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бүгүнкү күнгө чейин аталган иш-чаранын аркасы менен 800дөй окуучу жана студент чет өлкөгө билим алуу үчүн жөнөтүлдү.

"Биз жыл сайын эки ирет, жазында жана күзүндө билим жарманкелерин уюштурабыз. Бул жолкусу 17-октябрга белгиленди. Аталган иш-чарага 20га чукул мамлекеттин жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү келип, жергиликтүү жаштарга өз шарттары тууралуу айтып беришет. Маалымат англис, орус жана кыргыз тилдеринде болот. Бардык каалоочулар келип, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алат. Билим жарманкесин уюштуруп жатканыбыздын себеби учурда чет мамлекетте окугусу келген жаштар көп. Бирок алардын басымдуу бөлүгү чет өлкөгө окууга тапшыруунун жол-жобосун билишпейт", — деди Омуралиев.

Уюштуруучу кийинки билим жарманкеси 2020-жылдын февраль айына белгиленип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0