01:04 15 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.4802
  • RUB1.1205

Аскарова: чечим кабыл алууда аялдардын оюн эске албоо парламентте да бар

Радио
Кыскача шилтеме алуу
0 0

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Айнура Аскарова кыргыз саясатындагы аялдардын ордуна токтолду. Анын айтымында, аталган маселе дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде орчундуу.

Аскарова: чечим кабыл алууда аялдардын оюн эске албоо парламентте да бар

Чечим кабыл алууда аялдардын добушун кийинки орунга калтырып коюу Жогорку Кеңеште да кездешет. Мен муну жашырбайм. Бул тууралуу Айнура Аскарова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде орчундуу.

"Маанилүү чечимдерди кабыл алууда аялдын пикирин эске албоо кыргыз парламентинде деле кездешет. Бул дүйнөнүн, өзгөчө мурдагы Советтер Союзуна кирген көпчүлүк мамлекеттердин көйгөйү. Аял депутаттардын санын көбөйтүү үчүн атайын квота бөлүнүп, 30 пайыз орун берилгени менен бул ишке ашпай келе жатат. Мисалы, Испания, Скандинавия өлкөлөрүндө гендердик саясат жакшы жолго коюлуп калган. Аларда аялдар парламенттин 50 пайызын түзөт, муну коомчулук да кадимки көрүнүш катары кабыл алат", — деди Аскарова.

Депутат бул багытта Кыргызстанда атайын мыйзамдар кабыл алынып, аялдардын саясатка жана башкаруу бийлигине келүүсүнө шарттар түзүлө баштагандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Баатырбеков: 9 пайыздык чек көп саясий күчтөрдү бириктирет
Белгилер:
мыйзам, аялдар, квота, саясат, Айнура Аскарова

ЭҢ МААНИЛҮҮ