Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманов: республикадагы суу каналдарынын жалпы узундугу 23 чакырым

© Sputnik / Асель СыдыковаЗаместитель директора Союза МСУ КР Кадырали Иманов
Заместитель директора Союза МСУ КР Кадырали Иманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директорунун орун басары Кадырали Иманов республикадагы ирригация маселеси тез арада чечилчү иш-аракеттерге муктаж экендигин айтты.
Иманов: республикадагы суу каналдарынын жалпы узундугу 23 чакырым

Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймагындагы ички чарбалык суу каналдарынын абалы өтө начар. Бул тууралуу Кадырали Иманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ички чарбалык суу каналдарынын жалпы узундугу 23 миң чакырымды түзөт. Алар 1970-жылдан бери толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

"Өлкө аймагындагы ички суу чарбалык каналдары 2000-жылы суу пайдалануучулар ассоциациясына өткөрүп берилген. Ошол учурдан тарта сугат каналдарына дыйкандар өздөрү жооптуу. Бирок алар кайдыгер болуп, эгин талааларына суу жеткире турган арыктарды тазалабай жатышат. Ал эми суу пайдалануучулар бирикмеси маселени жалгыз чече албайт. Анткени алардын бир жылдык бюджети 30 миллион сомду гана түзөт. Бул каражат кызматкерлердин айлыгына жана канцелярдык чыгымдарына гана жетет. Көйгөйдү чечүү үчүн бардык аймактардагы сугат суусуна байланыштуу маселелер менен жеринен таанышуу максатында ар бир облуста дыйкандар менен жолугушууларды өткөрүп жатабыз ", — деди Иманов.

Ошондой эле ал союз өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун дыйкандары менен жолугуп келгенин, алдыда башка аймактардагы фермерлер менен кезигүүлөр пландалганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0