Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сайназаров: өлкөдө дин тутунуу жоопкерчилиги күчөп баратат

© Sputnik / Жоомарт УраимовДиректор Центральноазиатской программы ОО "Поиск общих интересов" Кенешбек Сайназаров
Директор Центральноазиатской программы ОО Поиск общих интересов Кенешбек Сайназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров өлкө эгемендүүлүк алганда элге дин тутунууда эркиндик бергени туура тандалган чечим болгон деген пикирин айтты.
Сайназаров: өлкөдө дин тутунуу жоопкерчилиги күчөп баратат

Мамлекет тарабынан берилген дин тутуу эркиндигинин жоопкерчилиги бар экендигин тиешелүү мекемелер да, коомчулук да эми гана сезип баштады. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputniknews.com/popup_radio/14/s эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, динди ашыкча фанаттык көз карашта эмес, руханий байлык катары караган коомдо өнүгүү болот.

"Кыргызстан кайсы динди тутууну же такыр эле андан баш тартуу тандоосун элдин өзүнө койгон. Бул өз кезегинде абдан туура кабыл алынган чечим болгон. Бирок мындай укуктун эркиндигинен гана пайдаланып, жоопкерчилигине ушул күнгө чейин анчейин көңүл бурулбай келген. Эми коом да, адамдардын динге болгон ишениминде укук, ченемдерди берген тиешелүү мекемелер да жоопкерчилигин сезип, активдүү иштеп жатат. Бул табигый көрүнүш. Эгер ушул жол менен бара турган болсок, динди руханий байлык катары карап, анын учурдагы жашоого ылайыктуу жактарын күнүмдүк турмушка сиңирүү менен өлкө өзүнө гана мүнөздүү болгон, улуттук баалуулуктар менен айкалышкан жакшы көз карашты калыптандыра алат", — деди Сайназаров.

Ал ошондой эле бардык диндер билим алууга үндөрүн, адамдар дин боюнча түшүнүк алып жатканда ушул чакырыкка көңүл буруусу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0