Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исмаилова: курулуш компанияларынын реестрин түзүү керек

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова батир сатып алууда курулуш компанияларына алданып калган үлүшчүлөрдүн саны күн сайын өсүп жатканын айтты.
Исмаилова: курулуш компанияларынын реестрин түзүү керек

Айрым курулуш компанияларынын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам көптөгөн адамдар миңдеген доллар чыгым тартып калып жатат. Мунун алдын алуу үчүн курулуш компанияларынын реестрин түзүп, ал жакка ар бир компания тууралуу маалыматтарды киргизүү керек. Мындай пикирин Аида Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сунушталып жаткан реестр сатып алуучуларга ыңгайлуу, ачык, жеткиликтүү болушу керек.

"Бүгүнкү күндө үй алам деп айрым абийирсиз курулуш компанияларына алданып калгандар көп болуп жатат. Алар миңдеген долларга чыгаша болуп, же акчадан, же батирден жок, талаада калышууда. Учурда бул абдан чоң көйгөйгө айланды. Мунун алдын алуу үчүн атайын мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Ал жакта курулуш компанияларынын милдеттери менен үлүшчүлөрдүн укуктары так көрсөтүлгөн. Аталган долбоордун алкагында курулуш компанияларынын реестрин түзүү демилгеси да көтөрүлүп жатат. Анын башкы максаты — турак-жай сала турган компания тууралуу жарандарды бардык керектүү маалыматтар менен камсыз кылуу. Реестрде курулуш компанияларынын буга чейин тургузган объектилери, анын учурдагы уставдык капиталы, ким ээлик кылары жана анын үстүнөн арыздануулар болгонуна чейин көрсөтүлөт", — деди депутат.

Ошондой эле ал курулуш компанияларына алданып калган үлүшчүлөрдүн саны болжол менен төрт миңге жеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0