Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кудайбергенов: көк бөрү жана көкпарды чогуу өнүктүрүү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү федерациясынын Талас облусундагы өкүлү Рамис Кудайбергенов
Көк бөрү федерациясынын Талас облусундагы өкүлү Рамис Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көк бөрү федерациясынын Талас облусундагы өкүлү Рамис Кудайбергенов казактардын көкпары кыргыздардын көк бөрү оюнунан бөлүнүп чыккан жаңы спорттун түрү деген пикирин айтты.
Кудайбергенов: көк бөрү жана көкпарды чогуу өнүктүрүү керек

Көк бөрү менен көкпарды спорттук оюн катары бирдей өнүктүрүү үчүн кыргыздар Казакстанда көк бөрүнүн федерациясын ачып, ал эми казактар Кыргызстанда көкпардын федерациясын түзүшү керек. Мындай пикирин Рамис Кудайбергенов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көкпар пайда болгонго чейин казактар улакты көк бөрүнүн эрежеси менен эле ойноп келишкен.

"Көк бөрү менен көкпар бир эле оюн. Буга чейин кыргыздар жана казактар Көк бөрү федерациясынын эрежелерине бирдей эле баш ийип, ойноп келишкен. Бирок кийин казактар тай казандан баш тартып, көк бөрүнүн эрежелерин өзгөртүү менен өздөрүнүн жаңы "көкпар" оюунун ойлоп чыгышты. Бүгүнкү күндө эки оюндун эрежелери абдан эле айырмаланып калды. Учурда көк бөрүнү да, көкпарды да өнүктүрүү максаты турат. Болор иш болду, мындан ары эми талашып-тартышпай чогуу-чаран иш алып баруу керек", — деди Кудайбергенов.

Ошондой эле ал көк бөрүдө тай казан болгондуктан оюн бүйүр кызытып, көкпарга караганда кыйла кызыктуу өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0