Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрнис Темиркан: автордук укукту сактаган алгачкы медиа боло алдык

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин креативдүү продюсери Эрнис Темиркан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин креативдүү продюсери Эрнис Темиркан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин креативдүү продюсери Эрнис Темиркан аталган агенттиктин беш жылдык мааракеси менен жалпы окурмандарды жана угармандарды куттуктады. 
Эрнис Темиркан: автордук укукту сактаган алгачкы медиа боло алдык

Агенттик өз ишин эми гана баштаганда бир топ эле түйшүк тарттык. Жумушка чакырган адамдарыбыз жаңы ачылып жаткан долбоордун келечегине ишенбей, сунушубузду четке каккан учурлар да болду. Ошентсе да кыргыз медиасында көптүн бири эмес экенибизди кыска убакытта далилдеп, эмгегибиз менен эл оозуна алынып калдык. Буга башкы себеп болгон кадамдарыбыздын бири — автордук укуктун сакталышы. Мындай көрүнүш буга чейин жергиликтүү ЖМКларда болгон эмес. Бул тууралуу Эрнис Темиркан Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде Sputnik Кыргызстан агенттигинин беш жылдыгына арналган берүүсүндө маек куруп жатып билдирди.

Учурдагы креативдүү продюсер агенттик жаңыдан бутуна туруп келе жатканда башкы редакторлук кызматты аркалаган. 

"Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдө түрдүү медиалар козу карындай эле жайнап чыккан кезде ишмердүүлүгүн баштады. Окурмандарга көптүн бири эмес экенибизди далилдөө оңойго турган жок. Ошентсе да биз өз багыты, принциптери бар эл аралык чоң долбоор экенин кыска убакытта тастыктай алдык. Агенттикке чыккан сүрөт болобу же аудиоматериалбы, биз башкалардан айырмаланып милдеттүү түрдө авторун көрсөтөбүз. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бизге чейин бул багытка көп деле көңүл бурулчу эмес. Ошону менен катар эле агенттик маалыматтын ар тараптуулугуна, аныктыгына басым жасайт", — деди продюсер.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин орусча, кыргызча эки редакциясы бири-бирин кайталабай, өз алдынча иш алып барарын, ошол эле учурда бири-бирин толуктап турарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Sputnik маалымат агенттиги дүйнөнүн 32 өлкөсүндө иш алпарган эл аралык ири долбоор. Анын алкагында түзүлгөн Sputnik Кыргызстан агенттигине быйыл беш жыл толду.

Маекти толугу менен жогорудагы аудиодон уга аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0