00:27 05 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978

Бешбаева: Sputnik Кыргызстан жамаатынын өзүнө гана тиешелүү мүнөзү бар

Радио
Кыскача шилтеме алуу
10310

Sputnik Кыргызстан агенттигинин жооптуу редактору Канышай Бешбаева аталган агенттикке келген алгачкы күндөрүн эскерип, бүгүнкүгө чейинки аткарылган иштерге токтолду.

Бешбаева: Sputnik Кыргызстан жамаатынын өзүнө гана тиешелүү мүнөзү бар

Агенттикке жаңы келгенимде жамааттын компьютерден башын көтөрбөй иштеген эмгекчилдигине жана бирөөсүнө жардам керек болуп калса жапырт көмөк көрсөткөн ынтымагына суктангам. Мындай эскерүүсү менен Канышай Бешбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде Sputnik Кыргызстан агенттигинин беш жылдыгына арналган берүүсүндө маек куруп жатып бөлүштү.

Катардагы кабарчы болуп келген ал алгач шамдагайлыкты талап кылган иштин көптүгүнөн жүрөксүп, жыйналыштарда башкы редактор менен көзүм чагылышып кетпесе экен деп коркуп отурганын да жашырган жок.

"Агенттикке мен жаңы келген кезде кыргыз тилдүү редакцияда Нурзат Усебаевдин жетекчилиги менен Нургүл Максутова жана Расул Үсөналиев иштечү. Мен алардан көп нерсе үйрөндүм. Баш-аягы биригип он чакты журналист эмгектенген чакан жамаат ачыктыгы, адамдарынын жөнөкөйлүгү, ынтымактуулугу менен бат эле өзүнө тартып алды. Алгач жүрөксүп, ылдамдыкты талап кылган иштин ритмине көнө албайм го деп ойлогонум менен бат эле өздөштүрүп кеттим. Алгач күнүмдүк жаңылыктарды жазып, көп өтпөй кыргызча редакциянын жооптуу редактору болдум. Учурда 50гө чукул кызматкер эмгектенген мультимедиалык агенттикти жөн гана маалыматтык булак деп айтуу кыйын. Sputnik Кыргызстан агенттиги беш жыл аралыгында ийгиликтүү, абройлуу жана жоопкерчиликти сезе билген, өзүнө гана тиешелүү мүнөзгө ээ чоң долбоорго айлана алды", — деди Бешбаева.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттиги жаштар менен толукталып жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Sputnik маалымат агенттиги дүйнөнүн 32 өлкөсүндө иш алып барган эл аралык ири долбоор. Анын алкагында түзүлгөн Sputnik Кыргызстан агенттигине быйыл беш жыл толду.

Маекти толугу менен жогорудагы аудиодон уга аласыздар.

Тема боюнча

Кызматкерлерге кыйкыруу — эскинин иши. Sputnik Кыргызстандын жетекчиси менен маек
Белгилер:
Sputnik Кыргызстан, Канышай Бешбаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ