Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кулмендеев: Чокморовдун мааракеси мыкты деңгээлде өтүшү керек эле

© Sputnik / Асель СыдыковаПредседатель Союза кинематографистов Кыргызстана Таалайбек Кулмендеев
Председатель Союза кинематографистов Кыргызстана Таалайбек Кулмендеев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ак Илбирс" киноакадемиясынын жетекчиси Таалайбек Кулмендеев кыргыздын таланттуу өнөр адамдарынын юбилейлери Маданият министрлигинин деңгээлинде гана өтүп жатканын айтты.
Кулмендеев: Чокморовдун мааракеси мыкты деңгээлде өтүшү керек эле

Кыргыз эли таланттарга бай. Ар ай сайын маданият адамдарынын мааракелери, аларды эскерүү сыяктуу иш-чаралар болгондуктанбы, айтор аларга арналган иш-чаралар бийик деңгээлде уюштурулбай калды. Мындай пикирин Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, маданият ишмерлеринин юбилейине карата уюштурулуп жаткан азыркы иш-чараларга анализ жасап, башка форматта өткөрүүгө убакыт келди.

"Сүймөнкул Чокморов — кыргыз киносунун тарыхында "Эң мыкты актёр" наамын 4 жолу алган жалгыз актёр. 80 жылдыгына карата архивдик материалдардан даректүү тасма тартылып, кино кербен, түрдүү илимий отурумдар өтүүдө. Сүймөнкул Чокморов атындагы фонд Чүй проспектине орнотулган эстелигин кайрадан коюуну пландап жатат. Сүрөтчүлөр союзу тарабынан жеке көргөзмөсү да өтөт. Юбилейге Сүймөнкул агабыз менен жакындан иштешип калган актриса Наталья Аринбасарова, өзбекстандык режиссер Али Хамраев чакырылат. Башка да чогуу иштешкен бир топ чет өлкөлүк белгилүү адамдар бар. Бирок алардын баарын чакырууга каражат жагынан мүмкүнчүлүк болгон жок. Негизи мындай иш-чараларды өткөрүүгө терең көңүл бурулушу керек. Жөн эле той сыяктуу өткөрүп жибербей, тарыхта кала турчу иштерди жасасак", — деди Кулмендеев.

Ал тарыхый инсандарды кийинкилерге таанытуу улуу муундун милдети деп жаштарга таңуулап үйрөтүүгө болбой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0